Акжол Махмудов франциялык дүйнөлүк чемпионду жеңди

Акжол Махмудов Алматы шаарында өтүп жаткан "Күрөш боюнча дүйнөлүк лига" (PWL) турниринде жеңишке жетишти.

Мелдеш 25-февралда Алматы шаарында өттү.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак категориясында франциялык Ибрахим Ганем менен күч сынашты.

6 мүнөттүк күрөштүн натыйжасында кыргызстандык спортчу 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

29 жаштагы Ибрагим Ганем 2024-жылкы дүйнөлүк чемпионатта 72 салмакта вице-чемпион, 2023-жылы ушул эле салмакта чемпион болгон.

Махмудов 2023-жылы ушул эле турнирде орусиялык Роман Власов менен килемге чыгып, жеңген эле.



Комментарий калтырыңыз

Маалымат
Коноктор тобунун окурмандары бул басылмага комментарий жаза албайт.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз.