Азия чемпионатында жеңүүчү болгон балбандарга канча акча берилди?

Жеңүүчүлөргө 2025-жылкы Азия чемпионатында спорттук күрөш боюнча жетишкен ийгиликтери үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдеш 25–30-март күндөрү Амман шаарында өтүп, Кыргызстандын спортчулары жалпы жонунан 6 медаль утуп алышты.
Айпери Медет кызы менен Эрназар Акматалиев алтын медалдарга ээ болуп, Азия чемпиону аталышты.
Орозобек Токтомамбетов менен Раззак Бейшекеев Азиянын вице-чемпиондору болушса, Калмира Билимбек кызы жана Ырыскелди Максатбек уулу коло медалдарды багындырышты.
Кыргызстан күрөш федерациясынын президенти Эркин Тентишев спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды: 1-орунга — 200 миң сом, 2-орунга — 150 миң сом, 3-орунга — 100 миң сом.


Комментарий калтырыңыз

Маалымат
Коноктор тобунун окурмандары бул басылмага комментарий жаза албайт.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз.